Жан дүйнө майрамы башталды
Бишкекте республикалык театралдык тогузунчу фестиваль башталды. Өлкө аймагынан чогулган 140 артист Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрында бир апта бою спектакль коюшат. Иш-чара өнөрпоздор арасында тажрыйба алмашуу жана көрөрмандарды театрга тартуу максатын көздөйт. Фестиваль бул жылы Кыргызстандын гимнинин автору, жазуучу Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган.