Ош шаарындагы Амир-Темур (Он-Адыр) конушунда кыргызстандык жана өзбекстандык артисттердин катышуусунда Достук концерти өттү. Маданий иш-чара бүгүн Шевченко атындагы мектептин короосунда болду. Аны жергиликтүү ишкер Дилмурад Ишанов шаардык кеңештин жана мэриянын колдоосунда уюштурган.
Ишановдун демилгеси менен Ташкенттеги Мукими музыкалык-театрынын артисттери 7-июнда Ошко бир апталык гастролго келишкен. Алар облус аймагында "Жайдары келин" спектаклин акысыз тартуулап жатышат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда сууп кеткен маданий алакалар 2016-жылдын күзүнөн кайра жандана баштады. (SE)