Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:09

"Чоң жетинин" лидерлери соода маселесин талкуулоодо


"Чоң жетинин" лидерлери. Италия, Сицилия аралындагы Таормина шаары. 26-май, 2017-жыл.
"Чоң жетинин" лидерлери. Италия, Сицилия аралындагы Таормина шаары. 26-май, 2017-жыл.

G-7 тобунун лидерлери 26-майда Италиянын Таормина шаарындагы саммитте биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Анда террорчулукка каршы биргелешкен күрөштү күчөтүү жана соода тармагында пикир келишпестиктерди азайтуу боюнча макулдашуу болгону айтылат.

Саясатчылар АКШ президенти Дональд Трамп менен климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кайчы пикирлерди жеңе алышкан жок. Саммит катышуучулары интернет-провайдерлери менен социалдык түйүндөрдүн жетекчилерин экстремисттик контенттин жайылышына жол бербөөгө чакырышты.

26-майда башталган эки күндүк саммитке АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канаданын лидерлери, Евробиримдиктин өкүлдөрү катышууда. Күн тартибине соода, климаттын өзгөрүүсү жана коопсуздук маселелери кирген.

XS
SM
MD
LG