Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Трамп: Иран "террорчуларды" колдоону токтотушу керек


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Израилде 22-майда сүйлөгөндө Иран "куралдуу кошуундарды жана террорчуларды" колдоону токтотуп, өзөктүк куралга ээ болбошу керектигин айтты.

"Кошмо Штаттар жана Израил бир добуштан Иранга өзөктүк куралды кармоого эч качан жол бербеши керек деп айта алышат. Ошондой эле Иран террорчуларды жана куралдуу кошуундарды каржылаганды, машыктырганды токтотушу керек" - деди Трамп Израилдин президенти Реувен Ривлиндин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө.

Буга чейин Тель-Авивдин аэропортунда сүйлөп жатып Трамп АКШ менен Израилдин ортосундагы "туруктуу байланышты бекемдөөнү" кааларын айткан.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "Израилге көрсөткөн кубаттуу колдоосу" үчүн Трампка ыраазычылык билдирип, биринчи чет өлкөгө чыккан сапарында Тель-Авивге келген Кошмо Штаттардын алгачкы президенти экенин белгиледи.

Дональд Трамп Израилге эки күндүк иш сапар менен келди.

XS
SM
MD
LG