Кыргызстандан "Ажылык-2017" зыяратына аттангандарды коштоп баруучу ажы башчылар атайын сынактан өтүүдө. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, бул милдетти аркалоого 218 талапкер катталып, 135и биринчи турда жетиштүү упай топтоду.
Кийинки тандоо 19-майда өтөт жана 91 кишиге ажы башчылык укугу берилет.
Быйылкы ажылык зыяраты августта болот. Сауд Арабия Кыргызстанга 4585 орун бөлгөн. (SE)