Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Украинага эшик жапкан Крым сапары


Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов Крым сапары учурунда.
Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов Крым сапары учурунда.

Жогорку Кеңештин эки депутатына Орусия аннексиялаган Крымга барганы үчүн Украинага кирүүгө тыюу салынды.

Жогорку Кеңеш депутаттары Ирина Карамушкина менен Марат Аманкуловго Украина аймагына кирүүгө расмий тыюу салынганы ушул аптада белгилүү болду.

Петро Порошенко 15-майда кол койгон тиешелүү жарлык украин президентинин расмий сайтына жарыяланды. Анда Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген 2000ден ашуун адамдын катарында эки кыргыз депутатына беш жылга чейин бул өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына кыргыз депутаттарынын быйыл март айындагы Орусия аннексияланган Крым жарым аралына жасаган сапары себеп болду.

Крым жарым аралынын парламент жетекчилиги быйыл 20-мартта Социал-демократтар фракциясынан депутаттары Ирина Карамушкина жана Марат Аманкулов менен жолукканын, анда бул жердин Орусиянын аймагы катары легитимдүүлүгү, крым-татарлары тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

Ага чейин депутат Карамушкина жарым аралга жеке сапары менен барышканын, чыгымды Марат Аманкулов көтөргөнүн билдирген. Аманкулов да муну бышыктап, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан эле.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Мындан соң Украинанын Кыргызстандагы ал кездеги элчиси Николай Дорошенко буга байланыштуу нааразылык билдирген болчу. Эми украин бийлиги кыргыз парламентарийлеринин өлкөгө киришине тыюу салды.

Депутат Ирина Карамушкина бул кабарды нааразылык менен кабыл алганын, Крымга эч кандай жаман ой менен барбаганын билдирип жатат:

- Мен Порошенконун аракетинен көңүлүм калды. Мындай аракет менен ал өлкөсүнө, элине карата жылуу мамилени жок кылып жатат. Мыйзамга каршы келген эч кандай кадам кылган жокмун. Марат Аманкулов экөөбүз Украинаны шылдыңдаган, кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жасаган эмеспиз. Ал жакта жөнөкөй эл менен базардан, көчөдөн жолугуп кандай ойдо экенин сурап жаттык. Себеби, биз бүгүн Крымда жашап жатканын өз көзүбүз менен эле көрөлү дегенбиз. Биз бул сапарды жашырган деле эмеспиз

Украинага тыюу салынган депутат Марат Аманкулов да окуянын мындай өңүттө өнүгүшүнө өкүнүп жатканын жашырган жок:

- Албетте укриан президентинин мындай чечим кабыл алганына өкүнүп турам. Биздин Крым жарым аралына барганыбыздан кандайдыр бир коопсуздукка коркунуч катары көргөнүнө таң калып жатам. Эми биз үчүн да, Украина үчүн да бул күндөр өтөт.

Украин бийлигинин кыргыз депутаттарына карата чечими эки өлкө ортосундагы мамилеге кандай таасир тийгизиши мүмкүн деген суроо талкууланууда.

Марат Аманкулов.
Марат Аманкулов.

Учурда Украинада жашап жүргөн кыргызстандык активист Илья Лукаштын айтымында, саясий кызматты ээлеген, расмий адамдардын кадамы эки өлкө ортосундагы мамилеге кандайдыр бир таасири болушу мүмкүн:

- Украин мыйзамдарын бузбай Крымга баруунун жөнөкөй эле эрежелери бар. Ал үчүн бул өлкөнүн тиешелүү кызматтарына Крымга баруу ниетин билдирип, расмий маалымат берсе, эч кандай тоскоолдуксуз эле уруксат берилет. Мындай жол менен көпчүлүк чет өлкөлүктөр кирип келет. Ал эми орус бийлигине жагынууну каалагандарга украин бийлиги чара көрүп жатат. Эгер мыйзамды урматтаган эл өкүлү катары сыйга татыктуу болом десең, анда башка өлкөнүн да мыйзамын сыйлашың керек деп ойлойм.

Тышкы саясат: депутат жана этика

Тышкы саясат: депутат жана этика

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

Ал эми саясат таануучу Медет Тулегенов болсо кыргыз бийлиги Украинанын мындай чарасына көңүл бурбайт жана эки өлкө мамилесине терс таасири болбойт деген пикирде:

- Украин бийлиги Крымга Орусия тараптан киргендерге карата кайсы өлкө жараны экенине карабай эле чара көрүп келатпайбы. Ошондуктан бул маселеге Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү маани деле бербейт. Тескерисинче, көрмөксөн болуп, маселенин тереңдешине жеткирбегенге аракет кылат. Cебеби, муну талкуулоо ашыкча көңүл бурдуруу дегенге жатат.

Крым жарым аралын Орусия 2014-жылдын март айында аннексиялап алган. Орусия жарым аралдын тургундары өз эрки менен референдумдун негизинде кошулганын айтып келет.

БУУнун Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деген резолюциясын жүздөн ашуун өлкө колдогон. Кыргызстан резолюцияга добуш берүүдөн карманган.

Украин бийлиги Крымга уруксатсыз баргандарга чара көрүп, өлкөгө киришине тыюу салып келет. Көбүнесе мындай чара орусиялык саясатчылар, маданият ишмерлерге колдонулуп келген. Ал эми Карамушкина менен Аманкулов Украинага кирүүгө тыюу салынган кыргызстандык биринчи саясий ишмерлер болуп калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG