Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Нарын облусунда айрым жерлерде суу каптоо коркунучу жаралды


Нарын облусунун Ат-Башы району.
Нарын облусунун Ат-Башы району.

Күндүн жылышы менен облустун аймагындагы дарыя, суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болду. Буга байланыштуу өкмөттүн аймактагы өкүлү Аманбай Кайыпов тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен чогуу Ат-Башы районундагы кооптуу аймактарды кыдырып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка караганда, Кирпич заводу аймагында жайгашкан үч турак жайга жана айдоо аянтына Ат-Башы дарыясында суунун көбөйүшүнөн улам коркунуч жаралган. Кардын эриши жана жаан-чачындан улам топтолгон суулар жерге сиңбей жаткан жерлер бар.

Ат-Башы айылындагы Тянь-Шань участогундагы дамбанын жанында жер алдындагы суу 30 сантиметрге чейин көтөрүлгөндүктөн, 69 үйдүн короосун каптап, суу жертөлөргө чейин кирген.

Дарыяда 18-апрелден баштап суунун нугун буруу аракети көрүлүп, 11-майдан тарта 144 габион торлору коюлган.

Учурда Нарын облусундагы он чакты дарыя, сайларга жакын жайгашкан 27 кооптуу аймак бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG