Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

Ноокенде ууланган 29 окуучунун абалы жакшы


Ноокенде окуучулары массалык түрдө ууланды
Ноокенде окуучулары массалык түрдө ууланды

Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин окуучулары массалык түрдө ууланып, Масы айылындагы аймактык ооруканага түштү.

Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жетекчилигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Кечээ 12-майда саат 14:10 чамасында алгач 13 окуучу белгисиз нерседен ууланып ооруканага түшкөн. Кийин ал 29 окуучуга жеткен. Алар мектептин 5-10 класстарынын окуучулары. Аймактык ооруканага облустан кошумча дарыгерлер чакырылып, жеринде балдарга жардам берип жатат. Окуучулар мектеп кампасындагы суудан пайдаланышкан. Мындан сырткары, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөсүн жешкен. Лабораториялык анализ толук чыкмайынча окуучулар эмнеден ууланганын так айтууга эрте экендиги айтылат маалыматта.

Бүгүн окуучулардын абалы менен өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков барып таанышып, дары-дармектерди акысыз берүүнү тапшырды. Учурда эки окуучу ооруканадан чыгарылып, калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгери Жаныбек Карабаевдин айтымында, токсиколог жана инфекционист дарыгерлер барып, текшерип жатышат. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги бул ишти иликтөө үчүн атайын санэпидемиологиялык комиссия түздү. (BCh/RsK)

XS
SM
MD
LG