Атамбаев Орусияда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи
Питердеги терактка шектелип жаткан жаранды тескери жакка Орусиядагы ксенофобдор менен скинхеддер түрткөн болушу ыктымал. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин Жеңиш аянтында өткөн митинг-реквиемде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мамлекет башчы Улуу Жеңишке жетишүүгө кыргызстандыктардын да салымы чоң болгонун, согуш жылдары Орусия, Беларус, Украинадан эвакуацияланган жүз миңдеген адамдар Кыргызстанда камкордукка алынганын, бирок соңку жылдары Орусияда ксенофобияны, эки өлкө жана эл ортосунда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи.