Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Жеңиш майрамына 72 жыл

Жеңиш майрамынын 72 жылдыгына карата Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерген митинг-реквием өттү. Анда сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын да салымы чоң болгонун, согуш жылдары Орусия, Беларус, Украинадан эвакуацияланган жүз миңдеген адамдар Кыргызстанда камкордукка алынганын, бирок соңку жылдары Орусияда ксенофобияны, эки өлкө жана эл ортосунда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи.

Бишкектин Түштүк дарбазасынан "Өлбөс полк" жүрүшү башталып, Жеңиш аянтында аяктады. Ага жалпысынан 30 миңдей адам катышты. Ушундай эле иш-чаралар, майрамдык параддар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлдү.

1941-1945-жылдардагы Экинчи Дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.​

Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 650нүн тегерегинде. Алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 7 миң сом.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG