Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Жээнчороев шайлоочулардын тизмесин үч күн мурда илүүнү сунуштады


Шайлоо
Шайлоо

Шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнө үч күн калганда ар бир участокто илиниши керек. Бул тууралуу шайлоо мыйзамдары тууралуу өтүп жаткан парламенттик угуу учурунда демилгечи депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

- Добуш берүүнүн жыйынтыгында протоколдордун көчүрмөсү кечиктирилбей илиниши керек. Ал эми шайлоочулардын тизмесин алдын ала илип коюу көзү өтүп кеткендерди же жок эле адамдарды добуш берүүгө кошту деген түкшүмөл ойлордон арылтат, - деди Мирлан Жээнчороев​.

Кыргызстанда шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн тизмесине байланыштуу талаш маселелер жаралып келет. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында шайлоочулардын тизмесин кеминде үч жолу текшерип чыгууну депутат Дастан Бекешев сунуштап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG