Элдик курултайды жандантуу демилгеси
Бишкекте 28-апрелде өздөрүн Улуттук мекенчил күчтөр деп атаган бирикменин уюмдашуу жыйыны өттү. Ага он чакты партиянын, кыркка чукул коомдук бирикменин өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жарандык активисттер катышты. Жыйында Элдик курултай институту тууралуу сөз болду жана соңунда меморандумга кол коюлду. Элдик курултай институтун жандандыруу максатында Баш мыйзамды өзгөртүү, кошумча мыйзам долбоорлорду кабыл алуу зарылдыгы айтылды.