Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу Көк-Сай, Темир-Канат, Тогуз-Булак айылдарынан 23 чакырым алыста Тескей Ала-Тоо тоолорунда болгон. Аталган айылдарда силкинүү күчү 3-4 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматка караганда кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. (КЕ)