Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Былтыр коррупцияга байланыштуу 1200дөн ашуун кылмыш иши козголгон


2016-жылы укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 1239 кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентте отчет берип жатып билдирди. Маалыматка караганда, кылмыш иштери боюнча жалпысынан мамлекеттик бюджетке 3 млрд сом кайтарылган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Өкмөт башчынын отчетунда Кыргызстан коррупцияны кабылдоо индекси боюнча эл аралык рейтингде 136-орунда туруп, 13 позицияга чегингени белгиленди.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун жылдык баяндамасында Кыргызстан былтыркыдай эле жемкорлук өрчүгөн өлкөлөрдүн катарында турат. Уюмдун көрсөткүчү боюнча Кыргызстанда сот тутумунда, укук коргоо органдарында жана саламаттыкты сактоо тармагында коррупция жогорку бойдон калып жатканы белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG