Жол куруудагы өксүктөр
Кыргызстандагы миллиарддаган сомдор жумшалып курулган жолдордун сапаты боюнча маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Ушул тапта Бишкектен “Манас” аэропортуна чейин былтыр курулган жаңы жол жыл айланбай ондоло баштады. Жаңы салынган жолдун бир жыл өтпөй бузулушунун себеби эмнеде? Дегеле жолдордун сапаты үчүн жоопкерчилик кимдин мойнунда? Жолго кеткен каражаттар максаттуу пайдаланылып жатабы? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга Жогорку Кенештин депутаты Бактыбек Раимкулов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин Коомдук кенешинин төрагасы Талант Садакбаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт