Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

Түркия күрт жикчилдерине сокку урду


Түркиянын аскер учагы (иллюстрация)
Түркиянын аскер учагы (иллюстрация)

Түрк армиясы Ирактын Синжар тоолорундагы жана Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт жоочуларына абадан сокку урганын билдирди.

Чабуулдун максаты Түркияда чабуулга колдонулат делген жардыруучу заттар менен куралдардын келишинин алдын алуу болгон деп түшүндүрүлдү.

"Күрт жумушчу партиясы бул эки чөлкөмдү жоочуларды, куралдарды жана бомбаларды жөнөтүүдө пайдаланат. Алар түрк аскер базаларына чабуулда жана аз мурдагы Диярбакыр шаарындагы бомбалоодо колдонулган", - деп айтылат 25-апрелдеги билдирүүдө.

Күрт жоочуларынын командири Семе Босали түрк чабуулунан Синжарда күрттөрдун пешмерга кошуунунун беш жоокери өлгөнүн билдирди.

Күрт жумушчу партиясын (ПКК) Түркия, АКШ жана Евробиримдик жана башка бир катар өлкөлөр террористтик уюм деп тааныган.

XS
SM
MD
LG