Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Сербияда президентке каршы акциялар уланууда


Сербиядагы демонстрациялар
Сербиядагы демонстрациялар

Жаан менен суукка карабай жүздөгөн адамдар шаршембиде Белграддын көчөлөрүнө каршылык акциясына чыгышты. Бийликтеги партияга каршы нааразылык демонстрациялары уланып жатканына бүгүн 18 күн болду.

2-апрелде өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Александр Вучичке каршы баш калаа Белградда жана башка Сербиянын шаарларында нааразылык митингдер башталган.

Акцияга чыккандар "Жылаңач император", "Диктатурага жол жок" деп кыйкырып-ышкырып, барабан кагып жатышты.

Сербия парламентинин алдында жыйынтыкталган акциянын катышуучулары митинг дагы уланарын билдиришти.

Демонстранттар маалымат каражаттарынын эркин болушун, Вучич башында турган саясий элитанын кетишин, бардык коррупциялашкан аткаминерлердин жазаланышын, адилеттүү жана эркин шайлоолордун өтүшүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG