Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Базар-Коргондо уулангандардын саны 29га жетти


Russia, Moscow - Olivier
Russia, Moscow - Olivier

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда тамак-ашка уулангандардын саны 29га жетти. Алар учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Аймактык оорукананын директору Батырбек Субанкуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, бейтаптардын сегизи балдар жана экөө кош бойлуу аялдар. Бир келиндин абалы оор болгондуктан боюнан түшүп калган.

- Дары-дармек жетиштүү жана дарыгерлер көзөмөлгө алууда. Мындан сырткары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу айылда дагы ууланган адамдарды каттап жатышат.

15-апрелде райондун Правда айылында кыз узатуу той өтүп, анда кызмат кылгандар тойдон кийин арткан салаттарды үйлөрүнө алып кетишкен. Адистер уулануу тойдон барган тамак-аштарды туура эмес сактоодон улам келип чыкканын айтышууда. (RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG