АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоганга телефон чалып, анын бийлигин бекемдеген референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу Ак үй 17-апрелде маалымдады. Трамп Эрдоганга АКШнын Сириядагы авиабазага жасалган ракеталык соккуларын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Мурдараак АКШнын мамлекеттик департаменти, шайлоого көз салган Европалык байкоочулар жана Түркиянын оппозициялык партиялары добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузуулар жөнүндө айтып чыккан.
Ал арада миңдеген адамдар 17-апрелдин кечинде Стамбулда жана башка шаарларда көчөгө чыгып, референдумдун жыйынтыгына жана анын жүрүшүндө мөөр басылбаган бюллетендер колдонулганына нааразылык билдиришти.
Түрк маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Анталиядагы нааразылык акциясында 13 адам камакка алынды. Демонстранттар "Жок, жыйынтык чыга элек", "Жок жеңди" деп кыйкырып атышты.
Эрдоган айыптоолорду четке кагып, референдум таза өткөнүн жана түркиялыктардын көбү добуш берүүнүн жыйынтыгына ыраазы экенин билдирди.
Түркиянын Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайк, 16-апрелдеги референдумда добуш бергендердин 51,3% колдоду. Ал эми "жок" дегендердин саны 48,3 пайызды түздү.