Байкоочулардын баасы
Эл аралык байкоочулар дүйшөмбү күнкү баштапкы бүтүмүндө Түркиядагы референдумду сынга алышып, ал “бирдей эмес оюн талаасында” өткөрүлгөнүн, акыркы өзгөрүүлөрдөн улам добуштарды саноо жол-жобосуна да көлөкө түшкөнүн белгилешти.
ЕККУнун жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕ байкоочуларынын биргелешкен билдирүүсүндө референдумдун укуктук базасы да “нукура демократиялык референдумду өткөрүш үчүн жетишсиз бойдон калганы" белгиленген.
ЕККУ миссиясынын башчысы Тана де Зулуетанын айтымында, Түркиядагы референдум эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Ал кошумчалагандай, референдум Түркия ЕККУ жана Европа кеңеши алдында саясий өнөктүктөрдүн “эркиндиги жана теңдиги” боюнча алган милдеттенмелерине жооп берген жок.
ЕККУ байкоочулары ошондой эле референдум өзгөчө абал режими учурунда, жарандардын фундаменталдык эркиндиктери чектелген шартта өткөрүлгөнүнө, бийликтин жогорку даражалуу өкүлдөрү референдумга каршыларды “террорчуларга жан тарткандар” катары мүнөздөп, аларга теңегенине көңүл бурушту.
ПАСЕнин байкоочулар миссиясынын башчысы Сезар Флорин Преданын айтымында, “реформанын негизги өңүттөрү тууралуу шайлоочуларга бейтарап маалымат берилген жок, ага жарандык коомдун өкүлдөрү катыштырылбады”.
Преда ага катар референдумдун “соңунда добуштарды саноо процедурасынын өзгөртүлүшү маанилүү кепилдикти жоюп салганына” да токтолду.
Түркиянын шайлоо бийликтеринин расмий мөөр коюлбаган бюллетендерди да саноого жол бериши өз кезегинде оппозициянын шек саноолорун жаратты.
Эрдогандын жеңиши
Түркиянын Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү, Борбордук шайлоо комитети жарыялагандай, 16-апрелдеги референдумда ага келгендердин 24,9 миллиону колдоду. Бул добуш бергендердин 51,3% дегендик. Ошол эле учурда референдумга катышкан шайлоочулардын 23,6 миллиону сунуш кылынган маселелерге каршы добуш беришти. Ортодогу ажырым 1,3 миллион добуш. Андыктан референдум жыйынтыгы Түркияда бир тараптан майрам, экинчи жактан нааразылык менен кабыл алынды.
Оппозициянын жактоочулары Стамбулда идиш-аякты ургулап бир нече нааразылык акциясын өткөрүшсө, Эрдогандын Түркиянын желегин желбиреткен жактоочулары президенттин сөздөрүн сүрөөнгө алып, кубаттап жатышты:
- Мен биздин өлкөнүн, добушунун түсүнө карабай, шайлоо үкөгүнө келип, өз эркин билдирген ар бир жаранына ырахмат айтам. Конституцияга өзгөрүүлөр катардагы өзгөрүүлөр эмес. Бул башкалардан айырмаланган өтө маанилүү нерсе. Түркиянын тарыхында биринчи ирет парламент жана эл өз эркин көрсөтүп, бул маанилүү өзгөртүүлөрдү чечти,- деди Эрдоган.
Ошол эле жекшеби күнү кечинде Стамбулда жактоочулары алдына чыккан учурда Эрдоган референдумдан кийинки “биринчи милдет” эми Түркияда өлүм жазасын калыбына келтирүү экенине токтолду. Бул маселе парламенттеги партиялар менен талкууланарын, эгер оппозиция каршы чыкса дагы бир жолу референдумга барарын белгиледи.
Оппозициянын талабы
Парламенттик оппозиция азыркы референдум жыйынтыгынын мыйзамдуулугунан күмөн саноодо.
Маселен, добуш берүү жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды, анын ичинде мөөр басылбаган бюллетендер колдонулганына көңүл бурган Республикалык-элдик партия добуштардын 60% чейинкиси кайра саналуусун талап кыларын айтып жатат:
- Биз референдумду адилетсиз шартта өткөрдүк. Муну баары билишет. Биз элдин чечимин сыйлайбыз. Бирок элдин чечимине Жогорку шайлоо кеңеши көлөкө түшүрдү. Референдум укуктук жактан да, адамдардын аң-сезиминде да талкуулар үчүн ачык бойдон калды. Кетирилген катачылыктар бул референдумду талаштуу кылып койду. Туура эмес чечим, мыйзамсыз чечим референдумду талаштуу кылып койду. Биз муну орундуу деп эсептебейбиз жана бул үчүн акыр-аягына чейин турабыз, - деди Республикалык-элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглы Анкарадагы басма сөз жыйында.
Кылычдароглынын партиясы атап айтканда бюллетендердин саноонун ыкмасы акыркы мүнөттөрдө өзгөртүлүүсүн көз боёмочулукка жол ачуу катары сындашты.
Жаңы эреже боюнча расмий мөөр коюлбаган бюллетендер жарактуу деп эсептелип калган. Бул партиянын төрага орун басары Бүлент Тезчан 17-апрель күнү Анкарадагы басма сөз жыйында референдум жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырып, алар зарыл болсо Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин кайрыла турганын билдирди.
Парламенттик оппозициядагы партиялардын дагы бири, күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия добуштардын кеминде үчтөн экисин кайра саноо зарыл деп эсептейт. Бул партиянын ырастоосунда, добуштардын кеминде үчтөн төрт пайызга чейинкиси бурмаланды. Бирок Түркия БШКнын төрагасы Сади Гүвен оппозициянын ырастоолорун четке кагып, мөөр коюлбаган бюллетендерди да алар чыгарганын, жарактуу экенин, ушундай эле процедура мурдагы шайлоолордо колдонулганын айтып чыкты.
Референдумдун натыйжасында Түркиянын Конституциясына 18 өзгөртүү киргизилет. Алардын алкагында президент Эрдогандын ыйгарым укуктары кыйлап күчөп, бийликте 2029-жылга чейин калуусуна жол ачылат.
Эрдоган өзү, анын жактоочулары бул өзгөрүүлөр Сириядагы жарандык согуштан улам качкындар агымына жана өлкөнүн чыгышында күрт топторунун козголоңуна кабылган Түркияда стабилдүүлүк орношу үчүн зарыл деп санашат.
Сынчылардын жүйөсү
Ал эми Эрдогандын жергиликтүү жана батыштык сынчылары конституциялык өзгөртүүлөрдөн адам укуктарына, мыйзам үстөмдөгүнө олуттуу коркунуч жараларына көңүл бурушууда. Себеби президенттин колунда абдан чоң бийлик топтолуп жаткандыктан, Түркиядагы жаңы система «шайланган диктатура» сындуу болот, бийлик бөлүштүрүлбөй, парламент мыйзам чыгаруу ыйгарымынан айрылып, президентти туура эмес иштери үчүн жоопкерчиликке чакыра албайт.
Талдоочулар референдум натыйжасы Түркиянын коомун бириктирбестен, тескерисинче ажырата турганын айтып жатышат:
- Чын-чынында биз бүгүн баштан кечирип жаткандар түрк коому үчүн диллема. Тилекке каршы бул бөлүнүү улана тургандай. Себеби азыркы жагдай алдыда саясий жактан оор күндөр болорун каңкуулоодо. Чөйрө президент Эрдоган жана АК партия бийлигин уланткыдай абдан ыңгайлуу болбойт. Референдум жыйынтыгы да өлкө абдан бөлүнүп калганын ырастады. Бул Түркиянын келечеги, ал алдыда кантип башкарылары боюнча тарыхтагы абдан маанилүү референдум болду. Бирок биз алган жыйынтык бул чечүүчү маселе боюнча так көз-караш жоктугун көргөздү, - дейт «Хурриет» гезитинин Анкарадагы бюро башчысы Серкан Демирташ.
Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр өлкөнүн үч ири шаарында - Стамбул, Анкара, Измирде колдоо тапкан жок.
Түркия кирүүгө умтулуп жүргөн Евробиримдик өлкөлөрүнөн Германиянын канцлери Ангела Меркел менен вице-канцлери Зигмар Габриэл Эрдоганды өлкөнүн «саясий жана социалдык топтору менен диалогго» чакырды.
Ал эми Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини, биримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Йоханнес Хан Эрдоганды референдум жыйынтыгын ишке ашырууда «мүмкүн болушунча кеңири улуттук консенсус табууга» үндөштү.
Алар жүйө катары конституциялык өзгөрүүлөрдү колдогондор менен ага каршы чыккандардын айырмасы абдан аздыгын, өзгөрүүлөрдүн таасири абдан узак мөөнөттүү экенин келтиришти.
Референдум алдында Түркия бийлиги Европада жашаган түрктөр арасында үгүт жүргүзүүнү да көздөп, бирок алардын мындай аракетине Германия, Нидерланд, Дания, Швейцария өкмөттөрү жол бербегендиктен же чектөө киргизгендиктен Анкара алар менен дипломатиялык араздашууга да барган.