"Чек ара" жаштарга ураан таштайт
Бишкекте “Учур” жаштар театры даярдаган “Чек ара” спектаклинин бет ачары өтүп жатат. Спектаклде Борбор Азияда эки башка өлкөдө жашаган достордун басып өткөн жолу, андан кийинки тагдыры, алардын бири-бирине болгон урмат-сыйы, эгемендик жылдарындагы чек ара көйгөйү чагылдырылган. Ролдорду артисттер Чыңгыз Мамаев, Илим Калмуратов, Адинай Бектурова, Алмаз Сейитканов, Ыйманбай Нарбай уулу ойногон. Спектаклдин режиссеру Темир Бирназаров.