Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Жамаачы жолдор жемкорлуктун күбөсү


Бишкек
Бишкек

Кыргызстандын өкмөтүн автожолдогу суу толтура чуңкурга чайыр куюп, асфальттап жаткан жолчулардын иши тартылган видеотасма катуу бушайманга салып, министрликтин беш жооптуу кызматкери иштен алынды.

Бишкектин өкмөттүк жолунан баштап, бардык райондорундагы автожолдор жамаачы үчүн казылып, айдоочулар жылдагыдай эле убара.

Кыргызстан эмне үчүн жакшы жолдорду сала албайт? Жаңы салынган жолдор эмне үчүн бир кыштан кийин бузулат?

"Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги саны жолдор көйгөйүнө арналды.

Талкууга Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин башчысы Арстанбек Ибраев, Бишкек шаарынан транспорт башкармасынын башчысы Нурлан Атыканов жана "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова катышты.

“Азаттык”: Арстанбек мырза, сиз башкарган мекеменин кызматкерлери автожолдогу суу толуп турган тешиктерди оңдоп жаткан видео интернетте жылдыз тасмага айланды. Жолдор ушундай ыкма менен ремонттолору мурда сиздерге белгилүү беле же өзүңүздөргө да ачылыш болдубу? Жолду оңдоого жылына канча каражат бөлүнөт? Эмне үчүн Кыргызстан сапаттуу жолдорго жетпей койду, тармак өкүлдөрү жол мамлекеттин жүзүн көрсөтүп турарын билип туруп эмне үчүн түшүнбөй, намыстанбай коюшту?

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Арстанбек Ибраев: Фейсбук баракчасына жарыяланган видеотасма боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал жерде орун алган кемчиликтерди аныктоо милдети алдыга коюлду. Бардык жерде ушундай көрүнүштөр бар деп айтууга болбойт. Бул жерде айрым адамдардын гана шалаакылыгы себеп болду. Тиешелүү адамдар иштен алынды, эми келтирилген чыгымды ошолордун эсебинен кайра мамлекетке кайтаруу чарасын көрүү каралып жатат.

2017-жылы жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоого 1 999 496 миң сом каралган. Анын негизинде 124,44 чакырым жерге асфальт төшөлөт, 144 километр жолдун үстүңкү катмары алмаштырылат, 109 чакырымдык гравий менен төшөлгөн жол оңдолот жана 13 даана көпүрө салынат. Андан тышкары капиталдык салымдар беренесинин негизинде жолдорду оңдоого 688 млн сом каралган. Анын 250 млн сомуна район борборлорундагы жолдор оңдолот. Калган 122 миң сомго жолдор асфальтталат жана 12 көпүрө салынат.

“Азаттык”: Нурлан мырза, кечээ өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги жогоруда аталган көрүнүштү мамлекеттик каражатты пайдасыз сарптоо деп баалады. Бишкектин автожолдору да ремонттолгондон кийинки жылы эле кайра тешилип, жаз келгенде жамаачылана баштайт. Азыр өкмөттүк трасса деп аталган Манас проспектиси эки күн бою аң-чөнөк болуп казылып жатып, анан жамаачыланды. Бишкекте жылына жолду оңдоого канча каражат бөлүнөт, ага канча чакырым жол ремонттолот? Эмне үчүн сапаттуу жол салбай жатасыздар?

Нурлан Атыканов: Шаардык мэриянын жолдорун оңдой турган жана сала турган көп ишканалар бар. Бул ишканалар жолдун тешиктерин бүтөө эмес капиталдык негизде оңдоо максатын алдыга коюп жатат. Азыр Кытайдын 50 миллион долларлык гранты менен быйыл Бишкектин 100 чакырымдык жолу салынганы жатат. Алдыдагы эки жылда Бишкектин жолдору оңдолот. Жолдор ремонттолгондон кийин эксплуатацияга берүүдөн мурун катуу көзөмөл менен кабыл алынат. Бул тармактагы кызматтар өз милдеттерин жакшы эле аткарып жатат.

“Азаттык”: Чынара айым, жыл сайын Кыргызстанда автожол кырсыгы жана андан каза болгондордун саны өсүп бара жатат. Ага жолдордун техникалык талаптарга ылайык жасалбаганы бир себеп деп адистер айтышат. Сиз ага кошуласызбы?

Чынара Касмамбетова: Бир чети мен макулмун, анткени жол инфраструктурасы жол коопсуздугун камсыздоочу бир фактор болуп эсептелет. Жол инфраструктурасы айдоочуларга жардам берип турушу керек. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Көп учурда жол коопсуздугу боюнча талаптар аткарылбайт. Мисалы, Бишкектин мамлекет башчысы жүргөн Манас проспектисин эле алалы, жолду бөлүп турган кош сызыктар такыр көрүнбөйт. Тешик деген шаардын бардык көчөлөрүндө жайнайт. Айдоочулар абайлап, качып айдоого мажбур болушат, кээ бирлери кырсыкка да кабылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG