Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:19

Педофилияны калкалаган кайдыгерлик


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда 2016-жылы балдарды зордуктоо фактысы боюнча 40тан ашуун кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу аз экенин, бирок кылмыштын саны зордуктоолор азайганынан эмес, тараптар өз ара келишип алганына байланыштуу кыскарганын белгилейт.

Наабайканадагы кордук

Сокулук райондук соту 6-апрелде 15 жаштагы кызды зордуктоо фактысына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык кылмышка шектүү, 30 жаштагы жаран 17 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесилди.

Жабыркаган кыздын атасы Сүймөнкулдун айтымында, окуя 2016-жылдын август айында болгон. Наабайканада иштеп жүргөн кызды ал жердеги наабайчы жигит зордуктап, Казакстанга алып качып кеткен. Ата-энеси кызын эки ай дегенде укук коргоо органдарынын жардамы менен үйүнө кайтарган.

- Өзүм экинчи топтогу майыпмын. Пенсиям болгону 2,5 миң сом. Кызым “Ата сизге жардам берейин, өзүм иштеп кийим-кечемди алайын” дегенинен макул болгом. Бир айдай иштегенден кийин уурдап кетип жатпайбы. “Чогуу иштеп жүрдүк, ичип алып сабачу” деп аябай ыйлап келди.

Кордолгон секелекти "эзген" сот

Кордолгон секелекти "эзген" сот

Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

Ата-эне бул окуядан кийин элдин кеп-сөзүнөн корунуп, кызын мектептен чыгарып алган. Сүймөнкул жакында аларга кылмышка шектүүнүн эжеси келип, инисинин айыбын жеңилдетүүнү суранганын айтты:

- Үйгө анча-мынча тыйын-тыпыр алып келиптир, "статьясын азайтып бергиле" дейт. Акчаңдын кереги жок, жазасын тартсын, кылган ишин моюнга алсын дедим. Башкаларга сабак болсун. Кыздарды кордогондор ойлонсун дейм да.

Өспүрүм кыздын жактоочусу болуп, жардам берип жаткан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кылмышка шектүүнүн жакындары анын жазасын жеңилдетүү үчүн жигит менен кызды үйлөнтүп коюуну сунуштаганын айтты:

- Мурдагы күнү кылмышка шектүүнүн эжеси биздин адвокатка чалып, "Үйлөнтүп коелу, калың төлөп, той берүүгө даярбыз" деди. Мамлекеттик айыптоочу үч беренени коюп, 22 жыл сураган. Кылмышка шектүүнүн адвокаты эки жыл сурап, кыз өзү макул болгон деп жатат. Мен кыз жаш, аны мажбурлаганы үчүн жооп берсин дедим. Баары күбөлөр менен ырасталды, кызды коркутуп-үркүтүп, зордуктап жатат. Кыз жакында 16га чыкты, бирок кебетеси 12-13төгүдөй көрүнөт. Бала эле бойдон.

Жазадан куткарган элдешүү

Башкы прокуратура 2016-жылдын ичинде бул өңдүү жашы жете элек балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгонун билдирүүдө. 2015-жылы Кыргызстан боюнча 74 окуя катталган экен.

Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова кылмыштардын саны тараптар өз ара келишип алганына байланыштуу кыскарган учурлар болгонун белгиледи:

- Кылмыш-жаза кодексинин 129-зордуктоо беренесинин 3-бөлүгү ушул жашы жете электерди зордуктоо болуп эсептелет, бул оор кылмыштын катарына кирет жана жазасы 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу деп көрсөтүлгөн. Мындай кылмыштар негизи сотко өтүшү керек. Бирок иш жүзүндө бул берене 132-133-беренеге, анчейин оор эмес кылмыштардын катарына ооп кетип, тараптар "эч кандай доом жок" деп келишип алгандыктан күнөөлүү адамга жаза бир жылдан үч жылга чейин эле берилип калган учурлар көп. Эл аралык тажрыйбада өз ара келишип алуу деген түшүнүк жок. Эгер мыйзамсыз чечим чыгарылса, соттун чечимине карата Башкы прокуратуранын алдындагы соттордо мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгы тарабынан сунуш келтирилет.

"Педофилияга кол шилтебөө керек"

Кылмышкерди элдешүү жолу менен жазадан калкалап калган учурларга бөгөт коюу үчүн бүгүнкү күндө мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкуудан өттү. Эми ал мамлекеттик мекемелерге корутунду чыгаруу үчүн жолдонгонун Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова билдирди.

Зордук ошол балдардын макулдугу менен болуп жатат деген жүйөнүн негизинде элдешүү фактылары болгон. Кичинекей бала ошого кантип макул болот? Бул акыл-эстүү адамдын оюна келбеген нерсе. Тилекке каршы, биздин соттор ошондой чечимдерди чыгарып жатышат.
Аида Салянова

Жеткинчектерди зомбулуктан коргоого багытталган бул мыйзам жакын арада парламенттин кароосуна коюлат.

- Зордук ошол балдардын макулдугу менен болуп жатат деген жүйөнүн негизинде элдешүү фактылары болгон. Кичинекей бала ошого кантип макул болот? Бул акыл-эстүү адамдын оюна келбеген нерсе. Тилекке каршы, биздин соттор ошондой чечимдерди чыгарып жатышат. Буга бөгөт коюу үчүн мыйзам долбоору жазылган. Көп учурда зордук-зомбулукка барып жаткандар балдардын жакындары болуп саналат. Үй-бүлөнү коргоо институту болсо тескерисинче, бир жогорку коркунуч булагына айланып баратат. Менимче, мыйзам долбоору жазылып жатканда мамлекеттик органдар муну колдон-буттан алып колдоп кетиши керек.

Бүбүсара Рыскулова балдарды зордуктоо окуяларына коомчулук кайдыгер, көнүмүш окуядай карап жатканына кабатыр. Ал зомбулуктун алдын алуу үчүн ар бир окуяга тыкыр көз салынып, мониторинг жүргүзүлүп туруусу зарыл деп эсептейт.

- Резонанстуу иштерде кылмышкер жазасын алса деле, ал кийин кыскарып отуруп, чыгып кетип жатпайбы. Мындан улам акча менен чыгып, кийин "сага көрсөтөм" деген коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Чуулгандуу иштерди коом дагы, укук коргоочулар дагы аягына чейин монитринг жасап, "мына жети жыл бердиби, анын канчасын отурду" деп көзөмөлгө алышы керек. Буга журналисттер дагы мониторинг жасап турса, жаза мөөнөтүн кыскартуулар балким азаят беле.

Башкы прокуратура тараткан соңку маалыматка караганда Кыргызстанда өткөн бир жыл ичинде балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын ичинен 106сы сексуалдык мүнөздө болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG