Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Укук коргоочулар УКМК төрагасына жана баш прокурорго кайрылышты


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандык укук коргоочулар камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун жана анын 12 тууганынын коопсуздугу коркунучта экенин айтып чыгышты. Бул тууралуу ачык кайрылууну 5-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге жана баш прокурор Индира Жолдубаевага тапшырышты.

Кайрылуугу кол койгондордун бири, жарандык активист Динара Ошурахунованын айтымында, катта адам укуктары жана эркиндиктерин кепилдеген Конституцияга ылайык чараларды көрүү өтүнүчү айтылган:

- Жапаров жана аны колдогон митингде кармалган 12 адам камалган жеринде чоң кысым жасалып жатат. Алырдын коопсуздугуна кепил болуусун суранып, талап коюп жатабыз. Азыр Садыр Жапаров оор абалда ооруканага түштү. Анын жубайынын кайрылуусуна УКМК, Жаза аткаруу кызматы да эч кандай көңүл бурбай, жооп бербей жатат. Күйөөсү менен жолукканга мүмкүн болбой жатат. Мындан сырткары биз эмнеге экс-депутат УКМКнын абагына эмес №1 СИЗОго камалганын түшүндүрүп берүүсүн сурандык.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган саясатчы Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук моюну жана колу кесилген абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 4-апрелдин кечинде Жапаровдун үч жарым мүнөттүк видеосун жарыялаган. Жапаров анда ден соолугу жакшы экенин жана башкаларды өзү үчүн кооптонбогонго чакырган. Бирок экс-депутаттын туугандары буга ишенбей турганын, ага басым болуп жатат деген ойлорун айтып чыгышкан болчу.

Садыр Жапаров 25-мартта чет элден келген учурда колго түшкөн. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу митингдерде мыйзамсыз аракеттерди уюштурууга шектелип кармалган. Жапаровду колдогон митингде кармалган 12 адам эки айга соттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG