Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Жогорку Cот Чотонов боюнча арызды канааттандырган жок


Чотоновдун жактоочуларынын чакырыктары
Чотоновдун жактоочуларынын чакырыктары

Жогорку Cот мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган жок. Иш бүгүн, 3-апрелде каралганын "Чотоновду коргоо комитетинен" кабарлашты. Маалыматты Жогорку Соттон тастыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.

Ал "Ата Мекен" партиясынын лидери, камактагы Өмүрбек Текебаевдин ишине тиешеси бар деп кармалган.

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарган. Анын жактоочулары райондук соттун чечимине нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 9-мартта шаардык сот мурдагы мурдагы чечимди күчүндө калтырган эле.

Дүйшөнкул Чотонов мурда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG