Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Астана, Баку жана Тбилиси Транскаспий коридорун талкуулады


Астана, Баку жана Тбилиси Транскаспий коридору боюнча макулдашты. Бакуда 1-апрелде "Транскаспий транспорт коридору" деп аталган эл аралык ассоциациянын жыйыны болуп өттү. Жыйынтыгында ага мүчө Азербайжан, Грузия жана Казакстандын өкүлдөрү келишим түзүштү.

Жыйында транспорттук коридорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, шериктеш уюмдун эн белгиси жана уставы бекитилди. Мындан тышкары 2017-жылы аткарылуучу иш-чаралардын тизмеси талкууланды.

Транскаспий эл аралык транспорт коридору Евразиянын логистикалык, экономикалык жана сырткы саясий багытын түп тамырынан өзгөртөт. Кытай, Казакстан, Азербайжан, Грузияны бойлоп кетүүчү коридор Түркия жана Украина аркылуу Европага алып чыгуучу жол. Долбоор ишке ашса, Азиядан Европага жүктү үч эсе тез жеткирүү жана чыгашаларды азайтуу мүмкүнчүлүгү ачылат.

XS
SM
MD
LG