Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Жапаровдун жакындары окуянын иликтенишин талап кылышууда


Жапаровдун туугандары жана адвокаттары 2-апрелдин таңындагы №1 тергөө абагында анын кан тамыры кесилишине байланышкан окуянын иликтенүүсүн талап кылып, прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылышат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Эмне үчүн аны №1 тергөө абагына камашты? Эмне үчүн УКМКнын тергөө абагына алып барышпайт? Ал жакта жазылбаган мыйзамдар бар. Ошолордун баары иштеп жатат да...

Бүгүн таңга жуук №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен. ​Жаза аткаруу кызматы учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.​

Алгач УКМКнын тергөө абагына камалган Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганча Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG