Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Минск: камоолор менен коштолгон митинг


Митингден бир көрүнүш
Митингден бир көрүнүш

Беларуста 25-марттагы оппозициянын митинги учурунда полиция жүздөгөн адамдарды кармады.

Азырынча кармалгандардын так саны белгисиз жана бийлик бул багытта маалымат бере элек.

Өткөн ишембиде оппозициянын акциясы "Эркиндик күнүнө" - 1918-жылдагы Беларус эл республикасынын түзүлгөн күнүн эскерүүгө арналган. Бирок бул күн быйыл “бекерпоздор салыгы” деп аталган мыйзамга каршы нааразылык акцияларына туш келди.

25-мартта митингчилер белгилеген жерге жете алган жок. Акциянын негизги катышуучуларын милиция тосуп, ОМОНдор демонстранттарды жапырт кармай кетти. Милиция 20дан ашык журналистти кармаганы жана арасында чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бар экени айтылууда. Активисттерге "уруксатсыз акцияга катышты", "укук коргоо органдарына каршылык көрсөттү" деген айыптар коюлушу мүмкүн.

25-мартта оппозициянын жүрүшүнүн алдында кабарсыз кеткен оппозициячыл лидер Николай Статкевич эки күндөн кийин үйүнө кайтты. Аны коопсуздук кызматы кармап, кайра бошотконун айтууда. Ал журналисттерге камоолорго карабастан коомдук акцияларды өткөрө берерин билдирди.

- Биз нараазычылык акцияларын уланта беребиз. Коркпой митингге чыккандарга ыраазылык билдирем. Мен катыша албай калганыма өкүнөм. Мен болгон аракетимди жасадым.

Статкевич Минсктеги 2010-жылдагы массалык нааразычылык акцияларында айыпталып, беш жылдай абакта отуруп чыккан. Ал президенттикке талапкер дагы болгон.

Буга чейин Беларустагы нааразычылык акцияларына байкоо жүргүзүп жаткан "Жаз" деп аталган укук коргоо борборунун кеңсеси тинтүүгө алынып, милиция 57 адамды кармаган эле. Акыркы күндөрү жалпы өлкө боюнча оппозициянын 300дөй жактоочусу жана активисти кармалды.

АКШ Минсктеги жапырт кармоолорду айыптады. Бул тууралуу АКШнын Беларустагы элчилигинин сайтында жазылды. Анда Беларус укук коргоо органдарынын аракети демократиялык баалуулуктарга каршы келери айтылат. Ошондой эле элчилик кечээ кармалган демонстранттарды бошотууга бийликти чакырды.

Беларуста оппозициялык активисттер кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Беларустагы саясат тануучу Светлана Калинкина митингге чыккандар негизсиз кармалганын айтып, аларды тез арада бошотууну талап кылды:

- Мындан ары эмне болоору белгисиз. Бирок Лукашенко репрессияларды токтотуп, камагандарды бошотот деп ишенип туралы. Бул көп жылдардан берки биринчи “Кет, жетишет” деген ураан менен аймактар кошо чыккан ири толкуундоолор бийликтин шаштысын кетирди. Азыр Лукашенко “экинчи майдан болбойлу” дегендей пропаганда менен митингдерге каршы күрөшүп жатат. Бирок эл чечкиндүү кадамдарын көрсөтүүдө. Элдин бул сүрү бийликти чочутууда.

Беларуста акыркы бир нече аптадан бери “бекепороздор салыгы” деп атаган мыйзамга каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Демонстрациялар президент Лукашкенко мыйзамдын күчкө кирүү мөөнөтүн 2018-жылга которгонуна карабай токтогон жок. Президент Александр Лукашенко митингдерге сырткы күчтөр шыкак берди деп, Батыш өлкөлөрүн айыптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG