Кыргыздын туңгуч улуттук операсы “Айчүрөк” кыргыз сахнасында жаңы жасалга, жаңы курам менен менен кайрадан коюла баштады. Мында актерлордун кыймыл-аракетинен тарта, алардын сахна кийимдерине чейин өзгөргөн. Үчүнчү жолу жаңыланып, көрүүчүлөргө тартуулана баштаган спектаклдин бет ачары аншлаг менен өттү. “Айчүрөк” — төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера.