Нарын: малды экспортко чыгаруу аракети
Мал киндиктүү Нарында төрт түлүктү идентификациялоо өнөктүгү башталды. Өкмөттүн бул аракетине жергиликтүүлөр эми колдогу малды тышка экспортко чыгаруу үчүн шарт түзүлөт деп кубанып жатышат. Бирок көп каражат талап кылган бул долбоор аягына чейин ишке ашырылышы күмөн дегендер да четтен чыгат.