"Россия" кинотеатрынан башталган жүрүш Ак үйдүн алдынан өтүп, Курманжан Датканын эстелигине чейин барып, аягында Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды.
Ушундай эле жөө жүрүш Ош шаарында да болду. Аялдардын укуктарын коргогон уюмдар өз талаптарын бийликке жеткирүү үчүн петицияга кол топтошууда. Анда аялдарга соттордо, ооруканаларда социалдык макамына карабай мамиле кылуу, инклюзивдүү билим берүүнү жайылтуу, кризистик борборлорду көбөйтүү өңдүү бир катар талаптар жазылган.
Бузулган укуктар
Кыргызстанда аялдардын укуктары ар тараптан тепселип жатканын айткан Бишкектеги феминисттер кыймылынын мүчөсү Рейна Артурова буга зордук-зомбулук боюнча сандарды мисал тартты:
- Аялдарга карата зордук-зомбулуктун статистикасы өтө кооптуу. Дүйнөдө ар бир үчүнчү аял ар кандай зомбулукка кабылат. Кыргызстандагы кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүндө аялдардын 83 пайызы психологиялык, моралдык, сексуалдык, үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот экен. Бирок аялдар арыз жазып тийиштүү органдарга кайрылбайт. Себеби күч органдары деле аялдарды басынтып мамиле кылышса, сот органдары аялдардын укугун коргогон чечимдерди чыгарып бербейт.
Аялды күнөөлөгөн адат
Жөө жүрүш учурунда негизинен аялдарга карата зомбулукту жана дискриминацияны токтотуу, аларга тандоо эркиндигин берүү, билим алууда бардык шартты түзүү сыяктуу ураандар жаңырды.
“Назик кыз” коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиеванын айтуусунда, Кыргызстанда кыз-келиндердин укуктары чектелген учурлар көп:
- Биз зордук-зомбулукка кабылгандарга сот акыйкаттыгын талап кылып жатабыз. Аялдын күнүмдүк тандоосунда дагы укуктары бузулуп жатат. Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын болсо, шаарда ары-бери жүрүүсүнө таптакыр шарттар түзүлгөн эмес. Үй-бүлөдө майып бала төрөлүп калса же арты-артынан кыз төрөлсө да дайыма аял күнөөлүү болуп чыгат. Ошондуктан бүгүнкү күндү майрам катары гана кабыл албастан, аялдардын укуктарына тереңирээк ой жүгүртүп, көбүрөөк көңүл бурушубуз керек болуп турат.
Кыргызстанда акыркы кездери аялдардын укуктарын коргогон уюмдар көбөйүүдө. Мисалы, кыз-келиндерден турган “Зомбулукту бирге токтотобуз” уюмунун өлкө боюнча 60 мүчөсү бар. Кыз-келиндердин укуктарын коргогон айрым уюмдарга парламенттеги аял депутаттар да мүчө.
Депутат айымдардын аракети
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбева “Азаттык” үналгысына билдиргендей, кыз-келиндердин укугун коргоо багытында "Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамы азыр парламентте экинчи окуудан өтсө, “жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган” мыйзам жакындан бери иштей баштады. "Алардан тышкары аялдардын санын парламентте көбөйтүү үчүн бир катар мыйзамдар иштелип жатат", дейт Алтыбева:
- Азыр жаңы мыйзам сунуштап жатабыз. Аялдардын укугу шайлоодо бузулбашы үчүн мандаттарды бөлүштүрүүдө аялдар партиядагы тизмеден чыгарылбастан, сөзсүз депутат болушу керек. Ошондой эле эгер депутат аял мандатын тапшырып кетсе, ал мандат тизмедеги кийинки адамга эмес, бир гана аялга берилсин деп жатабыз. Мындан башка мажоритардык система менен жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо 30 пайыздан кем эмес депутаттар аялдар болушу керек деген мыйзамдарды сунуштадык. Учурда бул долбоорлор комитеттерде каралып жатат.
БУУ аялдар укугуна тынчсызданды
Ошол эле кезде феминисттер кыймылы парламентте аял депутаттар бар экенине карабай, кыз-келиндердин укуктарын басмырлаган мыйзамдар сунушталып калаарына көңүл бурушууда. Алсак, буга чейин “23 жашка чыга элек кыздарга жалгыз чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу”, “көп аял алууга уруксат берүү” өңдүү мыйзам долбоорлору парламентте көтөрүлүп, активист кыз-келиндердин каршылыгын жараткан.
Бириккен Улуттар Уюму дагы кыргыз өкмөтүн аялдарга карата тең укуктуулукту камсыздоого, гендердик теңчиликти орнотуу үчүн аракеттерди көрүүгө үндөп келет.
“БУУ – аялдар” структурасы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда аялдар үй иштерин эрекектерге караганда үч эсе көп аткарат. Бул көрүнүштү эркектер адатта жергиликтүү салт-маданиятка, динге байлап, аны кадыресе көрүнүш катары кабыл алышат.
БУУнун маалыматында Кыргызстанда аялдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 2014-жылы 29 пайыз болсо, 2015-жылы 32 пайыздан ашканы да белгиленген.