Өзбекстандын Самарканд облусунда психикалык ооруканада 2012-жылдан бери жаткан журналист Жамшид Каримов эркиндикке чыкты. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз кызматы 1-мартта маалымат тараткан.
Туңгуч президент Ислам Каримовдун жээни, журналист Жамшид Каримов мурда Жызак облусунда жашаган. 2000-жылдан тарта эл аралык медиа менен кызматташа баштаган. 2004-жылы сөз эркиндигин коргоп, цензурага каршы чыккан жана ушул темада бир катар сын макалаларды жазган. Андан соң кысымга кабылып, 2006-жылы психикалык ооруканага мажбурлап жаткырылган. Ал жерден 2011-жылы чыккан, бирок бир жылдан соң кайра аны бейтапканага тыгышкан.
ЕККУ Жамшид Каримовдун боштондукка чыкканын алкыштап, камактагы башка журналисттер – Юсуф Рузимурод, Салижан Абдурахманов жана Дилмурад Сайидди да бошотууга өзбек бийлигин чакырды.
Ушул апта башында камакта абакта 18 жылдан бери жаткан Мухаммад Бекжан бошотулган эле.