Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта нааразылык акциясы өттү. Ага 40ка жакын жаран катышканын "Азаттык" радиосуна укук коргоочу Турсунбек Акун кабарлады:
- Өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы чыгып, элдин өкүлдөрүн өзүнүн иш бөлмөсүндө кабыл алды. Эртең түштөн кийин премьер-министр өзү кабыл алмай болду,- деди ал.
Турсунбек Акун "Азаттык" радиосу менен мурдараак байланышканда "карапайым адамдар ар кандай көйгөйлөрү менен өкмөт башчыга кире алышпайт, ошондуктан маселелери чечилбеген жүк ташуучу айдоочулар, жер ала албаган жарандар, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагылар чогулуп жатканын" айткан.
Укук коргоочунун белгилешинче, максат - өкмөттү кетирүү эмес, ишиндеги кемчиликтерди жоюуга чакыруу. (RK)