Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Таласта шаардык кеңешке төрага шайлоо маселесине чекит коюлду


Мирлан Эсенкулов
Мирлан Эсенкулов

Талас шаардык кеңеши дээрлик бир айга созулган талаш-тартыштан кийин бүгүн төрага шайлады. Бул кызматка КСДП фракциясынан Мирлан Эсенкулов келгенин "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Жыйынга 29 депутат катышып, 38 жаштагы Мирлан Эсенкуловду бир добуштан төрага кылып шайлады. Добуш берүү жабык өттү.

Ушул эле күнү КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары биригип "Ынтымак" коалициясын түзгөнү жарыяланды.

Ал эми "Айкөл" фракциясы оппозицияда калды.

11-декабрда өткөн шайлоодо беш партия жеңишке жеткен. 31 депутатка 11-январда мандат тапшырылган.

Депутаттар төрага шайлоого буга чейин бир нече жолу чогулуп, бирок кворум жоктугунан тарап кетип жаткан. (AlS)

XS
SM
MD
LG