Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Румынияда коррупцияга жазаны кыскартуу массалык нааразылык жаратты


Каршылык акциясы.
Каршылык акциясы.

1-февралда Румыния көчөлөрүнө 250 миңдей киши чыгып, расмий адамдар тарабынан кетирилген айрым катачылыктарды кылмыш жообунан бошотуу боюнча өкмөттүн токтомуна каршылык билдирди. Бул 1989-жылдан берки Румыниядагы эң ири масштабдагы акция болуп калганын маалымат каражаттары белгиледи.

Румын өкмөтүнүн бул токтому реформалардан, коррупцияга каршы күрөштөн чегинүү катары бааланып, ал Европа биримдиги жана НАТО алдындагы милдеттенмелерине каршы келери Германаия, Франция жана АКШ тарабынан эскертилген. Нааразылык акциясына чыккандар айрым жерлерде полиция менен кагылышкан. Эки полиция кызматкери жана эки демонстрант жеңил жаракат алган.

Өкмөттүн жаңы токтому боюнча чиновник 200 миң лей же 47500 доллар доллар зыян келтирсе гана абакка камалат. Бийлик мындай чечимди толуп кеткен абактарды бошотуу максаты менен түшүндүргөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG