Сузакта музыка мугалими музей ачты
Жалал-Абаддын Сузак районундагы өзбек тилдүү мектептин мугалими 69 жаштагы Махамаджан Мадаминов облустан чыккан акын-жазуучулардын жана өнөр адамдарынын музейин уюштурду. Ардагер мугалим окуучуларга музыка сабагын амфитеатр кылып жасаган кабинетинде кыргыз тилинин гимнин үйрөтүү менен өтөт. Чыгармачылыкка кызыккан өнөр адамынын музейине кабарчыбыз барып келди.