Максим Бакиевдин жери кимге сатылган?
Бишкекте мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге таандык бир гектардан ашык жер 2 миллион 500 миң сомго сатылып кеткени белгилүү болду. Жердин базар баасы 3 миллион доллар экенине карабай, анын арзан баада колдон колго өтүп кеткени Бакиевдердин мүлктөрү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын 31-январдагы жыйынында белгилүү болду.