Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Украинада жикчилдер менен күрөштө төрт аскер курман болду


Киевдеги акция.
Киевдеги акция.

Аскер командачылыгынын өкүлү Александр Мотузанюк жана коргоо министри Степан Полторактын белгилөөсү боюнча, Донецкинин түндүгүндө жайгашкан Авдеевка районунда эң кандуу күрөштөрдүн бири болду. Бул аймакта коксохимиялык завод менен металлургия заводу бар.

Мотузанюктун ырасташынча, кагылышта жикчилдердин бир кишиси набыт болду. Кармашта миномет жана артиллерия колдонулган.

Украинанын чыгышындагы согуш үч жылдан бери уланып келе жатат. Кагылыштарда он миңге жакын киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG