Окуучулардын өлүмгө жеткирген урушу
Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 10-классынын беш окуучусу мушташып, эки өспүрүм бычак жеп, бири ошол жерден каза тапса, экинчиси оор абалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кылмышка шектүү окуучу райондук милицияда кармалууда. Окуучулардын чыры эмнеге бычакташууга чейин жеткиргенин "Азаттыктын" кабарчысы иликтеп көрдү.