21-январдагы жолугушууда мамлекет башчы учак кырсыгынан жабыркагандарга берилип жаткан жардам тууралуу маалымат алды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кыйроо болгон жерде издеп-куткаруу иштери аяктап, аймакты урандылардан тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн иш-чаралар күчөтүлгөнүн кошумчалады.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалар министрлигине кыйроо болгон жерде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын баса белгилеп, кырсыктан набыт кеткендердин үй-бүлөлөрү жана жабыркагандар ар тараптуу жардам алуусун көзөмөлдөөнү тапшырды.(ZKo)