“Азаттык”: “Манас” аба майданынын жанында кулаган учак "Боинг-747-400" үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак экени белгилүү болду. Адис катары айтсаңыз, бул учак канчалык деңгээлде ишенимдүү?
Бектурганов: "Боинг-747-400F" үлгүсүндөгү учак жүк ташууга ылайыкташкан. Абдан ишенимдүү учак катары саналып, 100 тоннанын тегерегинде жүк ташыйт. Узакка учуу жагынан мүмкүнчүлүгү да жогору. Учурда дүйнөдөгү алдынкы аба компаниялар ушул үлгүдөгү учактарды сатып алып, колдонуп жүрөт.
“Азаттык”: Ушул үлгүдөгү учактар канчалык көп кырсыкка кабылат?
Бектурганов: "Боинг-747" үлгүсүндөгү учактардын көп түрү бар. Бирок ушул жүк ташууга ылайыкташкан "Боинг - 747-400F" үлгүсүндөгү учактардын кырсыкка кабылганы дээрлик жокко эсе.
“Азаттык”: Кырсыкка кабылган учактын чыгарылганына 13 жыл болгону кабарланды. Муну жаңы учак катары айта алабызбы?
Бектурганов: 13 жыл мурун жасалган учак жаңы катары эле эсептелет. Мындай үлгүдөгү учак 80 миң саат учкан соң эски катары саналат. Ал эми 13 жыл ичинде көп учканда 30 миң саатка чейин жетиши мүмкүн. Бул жагынан жаңы эле учак катары карасак болот.
“Азаттык”: Анда кырсыкка эмне себеп болду деген ойдосуз?
Бектурганов: Негизи мындай учурда 99 пайыз учак экипажынын күнөөсү деп айтса болот. Эгер аба бекетинин параметрлери туура келбесе, аны кондурбаш керек эле. Азыр мен кырсык болгон жердеги сүрөттөрдү карасам: учуу тилкесине жакындабай, башка жакка кеткенин көрүүгө болот. Жолго жакын кулаган. Ал эми тилкенин багыты андан ары 200 метр алыстыкта болгон. Ошондуктан, тилкеге кирбей туруп кулаган. Учакта аэропортко конуу боюнча жабдуулук конуу системасы бар. Мына ошол системага ылайык келбегендей, аны таппай калгандай көрүнүп жатат.
“Азаттык”: Учурда учак кырсыгына катаал аба ырайы, коюу туман себеп болушу мүмкүн экени да айтылып жатат. Анткени өткөн түнү туман болуп, президент Атамбаевдин учагы баш болгон бир нече учак башка аэропортко конгону кабарланды эле. Эмне себептен бул учакка конууга уруксат берилиши мүмкүн?
Бектурганов: Кандай жагдайда конгонун айта албайм. Ал кийинчерээк белгилүү болот. Негизи “Манас” аэропортунда 550 метр аралыкты көрүүгө мүмкүн болсо конууга уруксат берет. Негизи мындай шартта конуу же конбоо боюнча чечимди учак командири кабыл алат. Эгер коно албаса жакынкы аэропортко кетиши керек болчу. Бул конойун деп чечкенине караганда өзүнө ишенген учкуч болсо керек.
“Азаттык” Түркиялык маалымат каражаттары учкучтардын бири тажрыйбалуу, мурда аскер учактарын башкарган адам экенин жазышууда. Эс алууга чыккан соң жүк ташуучу учакка отурганы айтылууда?
Бектурганов: Андай практикаланып келет. Бирок кырсыкка туш болгондор да катталат. Маселен, былтыр Ростов-на-Донуда Fly Dubai компаниясынан кырсыкка учураган учагынын командири да эс алууга кетип жаткан учкуч болгону айтылган эле.
Маалымат үчүн: "Боинг-747-400F" учагы жүк ташууга ылайыкташкан учак. Ал 1993-жылдан тарта чыгарыла баштап, дүйнөнүн бир катар аба компанияларында учуп жүрөт. Жалпысынан мындай үлгүдөгү 126 учак чыгарылган. "Боинг-747-400F" үлгүсүндөгү учак катышкан жети кырсык катталып, 94 адам ажал тапкан. Алардын арасынан үчөө жүк ташуучу учак болгон.