Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Күч органдарынан күч кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз өкмөтү 1994-жылдан бери Ички иштер министрлигин реформалоо аракетин көрүп, төрт жолу атайын программа кабыл алды. Бирок коомдо милициянын кадыр-баркы артып, ишеним көбөйгөн жок.

Буга эмне себеп? Ички иштер министрлигине кадр даярдоо менен тандоо начарбы же эл ишенбей калдыбы? Эмне үчүн бийликтин өкүлүн көзгө илбей, кол салгандар болууда?

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды.

Талкууга ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев, саясий серепчи Токтогул Какчекеев, Ички иштер министрлигинин маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Сейитов жана Элдик кошундардын түзүүчүсү Алга Кылычов катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Кыргызстан ички иштер органдарын реформалайбыз деп биринчи мыйзам кабыл алгандан бери 22 жыл өттү. Ушул жылы 2013-жылы кабыл алынган төртүнчү программанын мөөнөтү аяктайт. Коргоо кеңеши өткөн жылы комплекстүү чараларды сунуштаган. Бирок чечкиндүү өзгөрүүлөрдү байкаган жерибиз жок. Реформа эмне үчүн ишке ашпай жатат? Негизги себеби эмне?

Ички иштер министрлигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү Финансы полициясына берилди. Андан тышкары реформалоого негиз болчу беш мыйзам долбоору кароого берилип жатат.
Бакыт Сейитов

Бакыт Сейитов: 1994-жылы ЕККУнун көмөгү менен реформалоо иши башталган. Ал эми былтыркы жылдан баштап реформалоо маселеси катуу талкууланып жатат. Июль айында жалпы эле тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

Азыркы министр Улан Исраилов ал жарлыкты ишке ашыруу боюнча иштеп жаткан комиссиянын жана башка тараптардын сунуштары менен аракеттерди кайрадан карап чыкты. Анткени, сунушталган долбоор ишке аша турган болсо, ички иштер органдарынын системасына зыян келчүдөй экен. Ошон үчүн азыр бардык түзүмдөр такталып жатат. Ошонун негизинде өз сунуштарыбызды Коргоо кеңешине бердик.

Ички иштер министрлигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү Финансы полициясына берилди. Андан тышкары реформалоого негиз болчу беш мыйзам долбоору кароого берилип жатат. Январь айында акыркы чечим кабыл алынат деген ойдобуз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, ички иштер органдарын реформалоо жүргөн жери жок, ошон үчүн акыркы кезде бийликтин өкүлү деп мурда кол тийбеген милиционерлерди сабап, погонун жулуп, ташбараңга алабыз дегенге чейин барган учурлар болууда. Буга эмне себеп? Милициянын кадыры эмнеден түшүп жатат? Кемтик кадр даярдоодон кетип атабы же тандоодонбу?

2003-жылы милиционерлер пайка менен алган жеңилдиктердин көлөмү 250 сом болчу, ал эми Улуттук коопсуздук кызматындагылар 1200 сом алчу. Жүгүрүп жүрүп, бир аз көтөрдүк эле. Азыркыга чейин ошол эле көлөмүндө калды, ал эми башка органдардыкы 2500 сомго жетти.
Өмүрбек Эгембердиев

Өмүрбек Эгембердиев: Кыргызстанда милиция институтуна көп милдет жана талап жүктөлгөн. Бирок өкмөт анын абалына көңүл бурган жок. Милициянын коомдук тартипти сактоо милдетин аткаруу менен элдин ишенимине ээ болчу резервдери абдан көп. Бирок мамлекетти коргой жана сактай турган милицияга колдоо жок. Мисалы, 2003-жылы милиционерлер пайка менен алган жеңилдиктердин көлөмү 250 сом болчу, ал эми Улуттук коопсуздук кызматындагылар 1200 сом алчу. Жүгүрүп жүрүп, бир аз көтөрдүк эле. Азыркыга чейин ошол эле көлөмүндө калды, ал эми башка органдардыкы 2500 сомго жетти. Демек, министрликтин жетекчилиги ага көңүл бурган жери жок. Министрлик башында тургандар аны кандай башкарып, кандай реформа жасап, кандай деңгээлге жеткиребиз деген максатты аныктаган жок. Бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдон ашык каражаттын 80% борбордук аппаратта эле калып, башкармалыктарды эле көбөйтүп жатышат.

“Азаттык”: Токтогул мырза, өкмөт, Коргоо Кеңеши милдеттерди алдыга коюп жатат. Бирок парламенттик өлкө катары мыйзам чегинде кардиналдуу өзгөртүү керек го? Чукул реформаларды жасаган мыйзамдарды кабыл алып, анын аткарылышын талап кылууга Жогорку Кеңеш жөндөмдүүбү?

Бизде милиция өзгөргөн жери жок. Ал айдактаган иттей болуп иштегенге гана көңүп калган. Алардын жашоосу менен креслодо отуруп иштеген башка тармактагылардыкы асман менен жердей. Ошон үчүн элдин коопсуздугун сактаган милицияга биринчи кезекте камкордук зарыл.
Токтогул Какчекеев

Токтогул Какчекеев: Конституция өзгөргөн сайын бардык түзүмдөр өзгөрөт, бирок бизде милиция өзгөргөн жери жок. Ал айдактаган иттей болуп иштегенге гана көңүп калган. Алардын жашоосу менен креслодо отуруп иштеген башка тармактагылардыкы асман менен жердей. Ошон үчүн элдин коопсуздугун сактаган милицияга биринчи кезекте камкордук зарыл. Анткени башка тармактагылар төшүн окко тосуп иштебейт. Реформаны жасоо үчүн кадрларды тандап коюш керек. Ал эми парламентте милициянын ишин билген бир киши жок, демек алар кандай реформа керектигин билбейт.

“Азаттык”: Алга мырза, ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо долбоорлоруна кеңешчи болуп жүргөн эл аралык эксперт Раймундас Калесникас курал менен жүргөн милицияны жоюп, полицияга айландырып, функцияларын өзгөртмөйүнчө реформа болбойт деп айтып жүрөт. Ал жөндүүбү?

Алга Кылычов: Батыштан келген долбоорлорду туурап эле жасай берүүнүн кереги жок. Алардын сунуштары менен эле алдыга кетерибизге көзүм жетпейт. Кыскасы, күч түзүмдөрү иштебей калганда кандай кыйынчылык болорун билебиз. Аларга жардам берип, шарт түзүү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG