Айчүрөк эми баштык чогултпайт
Узаган жылдын башында 13 жаштагы Бишкектин тургуну Айчүрөк аттуу кыздын базарда желим баштык чогултуп, аны сатып тапкан каражатка оорукчан апасы менен инисин жалгыз багып келгени чагылдырылган болчу. Анда Айчүрөккө бир эле Кыргызстан эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан жардам беришкен. Андан соң Эл аралык уюмдардын жана жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен Айчүрөк апасы жана иниси менен начар батирден бүт шарты бар үйгө көчүрүлгөн эле. Учурда Айчүрөк базарда ишин токтотуп, окууга көбүрөөк көңүл буруп, сабактардан жакшы баа ала баштаптыр. Ал гана эмес кичинекей балдар үчүн атайын тренингдерди да өтүп жаткан экен.
Чыгарылыштар
-
Февраль 07, 2025
Жалал-Абад: Үч балалуу келиндин табышмактуу өлүмү
-
Февраль 06, 2025
Жалал-Абад: Мигрант энелер балдардын өмүрү үчүн жооптуу
-
Февраль 04, 2025
"Миллион доллар беребиз". Күмөндүү криптоактивди жарнамалоо жайылды
-
Январь 28, 2025
"Көчөдөгү кагаздар аркылуу жаштардын үнүн жеткирем"
-
Январь 26, 2025
Такси үчүн лицензия: Мыйзам кандай ишке ашат?