Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Forbes туристтерди Кыргызстанга чакырат


Соң-Көл жайлоосунда жүргөн турист. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Соң-Көл жайлоосунда жүргөн турист. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-декабрь - 1-январь).

Forbes журналы адаттагыдай эле жыл жыйынтыгын чыгарып, 2017-жылы дүйнө калкы барып эс алууга эң арзан жана кызыктуу өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Тизмеде Вьетнамдан кийин эле Кыргызстан турат. Сеул, Лиссабон, Бухарест сыяктуу ары кооз, заманбап шаарлар Бишкектен кийинки орунга жайгашкан.

“Кыргызстан 93 пайызы кооз тоолор менен курчалып, бай тарыхка ээ, дүйнөдөгү абдан кооз жана саякатчылар али анчейин биле элек мамлекет. Борбор Азиянын дал ортосунда жайгашкан өлкөнүн баш калаасына жакын жерде Бурана мунарасы бар. Эң негизгиси - капчыктан көп акча коротпой саякаттоого абдан ыңгайлуу. Маселен, салттуу көчмөндөрдүн боз үйүнө бир күнгө 15 -20 доллар төлөп, эки маал тамактанса болот. Ал эми бир жакшы табак тамактын баасы болгону эки доллар. Атактуу саякатчы, блогер Мэтт Кипнес дал ушул Кыргызстандын жаратылышы менен жашоосун даңазалап, блогерлер арасында кадыр-баркка ээ болду. Арзан, бирок мыкты саякат Кыргызстанда”, - деген Forbes журналы.

2017-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?

Financial Times гезити жылдагыдай эле жаңырган жылга өз божомолдорун жарыялады. “2016-жылы биз айткан он нерсенин тогузу ишке ашты. Маселен, Pokemon Go оюну виртуалдык дүйнөнүн жаңы баскычы болот дегенбиз. Бирок Британия Европа Биримдигинен чыкпайт, Хиллари Клинтон президенттик жарышта жеңет деген жоромолдорубуз ишке ашпай калды. Ал эми жаңырган жылда Дональд Трамп менен Владимир Путин кызматташтык келишимине кол койобу десеңиз, биз буга “ооба” деп жооп беребиз. Алеппону Сириянын бийлиги алгандан бери Трамптын Москвага каршы колунда көзүрү калбай калды. Азыр Дональд Трамптын башкы максаты “Ислам мамлекети” тобуна сокку уруу болууда. Сириядагы жалындаган от быйыл да өчпөйт. Ал арада Трамп АКШ - Мексика чек арасына дубал курабы деген да маанилүү суроого чакан болсо да дубал курат деп жооп беребиз. Эки миң чакырымдык аралыкка созулган чекти толук тосуп чыгуу акылга сыйбайт. “Ислам мамлекети” террордук тобу кыйрайбы деген соболго жок деп жооп айтабыз. Аталган топтун өкүлдөрү Ирак менен Сириядан кубаланганы менен эл аралык деңгээлге өтүп, дүйнөнүн ар кыл бурчунда террордук чабуулдарды уюштурат”, - деп жазат гезит талдоочулары. Ошондой эле алар 2017-жылы мунай баасы 50 долларга чейин көтөрүлөт деген пикирлерин билдиришкен.

Сирия жана араб дүйнөсүнүн соңу

Францияда чыккан Le Monde гезитинин аналитиги Кристоф Айяд: “Араб дүйнөсү талкаланып, урап бара жатат. Мындан ары таптакыр жок болуу деңгээлине жетти. Алеппонун Сирия бийлигинин колуна өтүүсү Кремл жана анын союздаштары үчүн эл аралык аренадагы чоң жеңиш болду. Орусия дүйнө ыраатын каалагандай калчап, темирди ысыгында чаап калгысы келет. Путиндин Сириядагы саясаты Биринчи дүйнөлүк согушка окшош. Анын жыйынтыгы аалам картасын кайрадан жаратат. Азыркы тапта ислам дүйнөсүнүн эң ири державасы Иран болууда. Иран болсо Орусиянын Сириядагы өнөктөшү. Владимир Путин июнь айында Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоганга кайра кол сунуп, дүйнөдөн четте калган президентке чоң колдоо көрсөттү. Азыр Путинди шииттер да, Түркиядагы сунниттер да колдойт”, - деп жазат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG