Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Тунисте Берлиндеги террордук чабуулга шектүү үч адам камалды


Тунис полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Тунис полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Тунис бийликтери маалымдагандай, Берлинде теракт жасады деген шек менен өлтүрүлгөн Анис Амиринин жээни жана аны менен тыгыз байланышта болгон эки адам камалды.

Тунис Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө “18-27 жаштагы үч шектүү Берлинде жүк ташуучу унаа менен теракт уюштурган Анис Амри кирген террордук топтун мүчөсү болгону” айтылат.

Ошондой эле министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 24 жаштагы Амри 18-жаштагы Феди деген жээнине Европага келүүгө акча жиберип, аны “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууга үндөгөн.

19-декабрда Берлиндеги жармаңкеге жүк ташуучу унаа менен чабуул койду деп шектелген Анис Амри 23-декабрда Италиянын Милан шаарынын түндүгүндө жок кылынган.

Берлиндеги кол салууда 12 адам мүрт кетип, 50гө чукул адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG