Иран президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга келиши кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин былтыркы күздөгү Тегеранга барышына жооп болду. Сапар алкагында президенттер эки өлкө ортосундагы алаканы жакшыртуу, өнүктүрүү жолдорун талкуулады.
Алмазбек Атамбаев жолугушуу жыйынтыгын жемиштүү болду деп баалап, Иран менен кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты:
- Бүгүн биз Кыргызстан жана Ирандын кызматташтык программасын кабыл алдык. Аталган программа алдыдагы он жылга эки өлкөнүн практикалык алакасынын конкреттүү багыттарын аныктайт. Бул мамилени жаңы деңгээлге чыгарат деген ойдомун.
Атамбаев Иранды Кыргызстанда ГЭС курууга катышууга чакырып, энергетика жаатында иштешүүгө кеңири мүмкүнчүлүк барын белгиледи:
- Бизд өлкө аймагында Ирандын ГЭСтерди куруу долбооруна катышуусуна кызыкдарбыз. Президент Роухани Ирандын бир ишканасына бул сунушту карап көрүү боюнча тапшырма берүүнү убада кылды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Ирандын он жылдык кызматташуу программасы кабыл алынып, медицина, эмгек жана социалдык коргоо, маалымат-технологиялар, маңзатка каршы күрөшүү багытында кызматташуу меморандумдарына кол коюлду.
Хасан Роухани Иран Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Анын айтымында, эки өлкө жарандары үчүн виза режимин толук жоюу зарыл:
- Биз өлкөлөр ортосундагы визалык режимди жоюуну кызматташтыктагы стратегиялык саясат катары көрүп жатабыз. Акырындап биздин өлкөлөр ортосундагы виза жокко чыгарылышы керек. Муну үч этап менен ишке ашырса болот деген ойдомун. Биринчи ишкерлер, анан туристтик топторго, үчүнчү этапта бардык жарандарга тиешелүү визалык режимди жокко чыгарса болот. Бул эки өлкө ортосундагы туризмдин жана экономикалык байланыштын чыңдалышына шарт түзөт.
Эки президент өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине бир ай ичинде атайын сунуш иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле Роухани Иран Кыргызстан мүчө болгон Евразия экономикалык биримдиги менен эркин соода келишимине жетишүүгө ынтызар экенин белгиледи.
Өз кезегинде кыргыз жетекчилиги Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болушун колдорун билдиришти.
Муну менен катар Алмазбек Атамбаев Ирандын өзөктүк программасынын аткарылышына жана Ирандан эл аралык санкциялардын алынышына маани берерин кошумчалады.
Иран менен кызматташуу пайдалуубу?
Кыргызстандын Ирандыгы элчиси Абазбек Абдуразаков Роуханинин сапарынын мааниси зор экенин айтууда. Элчинин белгилешинче, Иранда Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыкка кызыгуу күч:
- Иранда Кыргызстанга кызыгуу күч. Бүгүнкү Иран президентинин сапары кызматташтыкка дем болот деген ишенимдебиз. Жаңы кабыл алынган кызматташуу программасынын алкагында бир нече багытта: өнөр жай, энергетика, айыл чарба тармактарында долбоорлорду ишке ашыра алабыз.
Роуханинин сапарындагы көңүл бурулган башкы маселелердин бири Кытай менен Иранды бириктирчү темир жолду Кыргызстан аймагы аркылуу куруу долбоору болду.
Президент Атамбаев бул жолду курууга кыргыз бийлиги кызыкдар экенин белгилеп, жакын арада болчу Өзбекстан жана Кытайга сапарларында бул маселени көтөрөрүн айтты.
Аталган темир жолду куруу көп жылдан бери сөз болуп келет. 2013-жылы президент Атамбаев жолдун курулушу Кыргызстанга пайдасы жоктугун билдирип, бирок кийин бул пикиринен баш тарткан.
Байкоочулардын пикиринде, эки мамлекет ортосундагы экономикалык кызматташуу чеке жылытпайт. Буга мисал катары соода жүгүртүүнүн көлөмүн айтышат. Быйылкы жылдын он айында ал 11 миллион долларды гана түзгөн.
Кыргызстандын Ирандагы мурдагы элчиси Абазбек Атаханов бул жаатта кызматташтыкты арттыруу зарылдыгын белгиледи:
- Эки мамлекеттин жакшы потенциалы болгонуна карабай товар жүгүртүү деңгээли төмөн. Эми эки мамлекет ушул багытка басым жасайлы деген келишимге келиптир. Бул жакшы. Келечекте соода-экономикалык байланыштар бир нече эсеге жогорулашы керек.
Ошол эле учурда Иран менен экономикалык кызматташтык айтылгандай дароо оң жыйынтык берет дегенге ишенбеген адистер да бар. Маселен, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков:
- Технология жаатынан алып караганда Иран өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Кандайдыр бир жаңы технологияларды алып келебиз дегени ачыгын айтканда, чындыкка жатпайт. Өткөн кылымдын 70-жылдары Иран газ боюнча экинчи, мунай боюнча үчүнчү орунда турган өлкө болчу. Бул жактан алып караганда, финансы жагынан аларда мүмкүнчүлүк пайда болушу ыктымал. Канча деңгээлде? Муну азырынча айтуу кыйыныраак.
Иран Борбор Азиянын саясий колдоосуна муктаж
Кыргызстандын Иран менен түз чек арасы жок. Экономикалык жактан алганда эки өлкөнүн соодасынын көлөмү абдан эле аз. Эки өлкөнүн тең кызматташуусун арттыра турган бир плафторма – Шанхай кызматташтык уюму. Кыргызстан бул уюмдун таасирдүү мүчөсү, Иран болсо ага мүчөлүккө өтүү үчүн бир нече жылдан бери аракеттенүүдө. Роухани мырзанын Кыргызстан менен Казакстанга сапарынын башкы максаты Ирандын уюмга толук мүчө болуп кабыл алынуусуна эки өлкөнүн колдоосун алуу. Бул Тегеранга өтө маанилүү, анткени Иран соңку бир нече жылдар бою обочолонуп калган. Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болгондон кийин Иранга чөлкөмдө, ошондой эле дүйнөдө саясий жана экономикалык таасири күчөтүүгө жол ачат. Өз ара кызматташунун учурдагы абалына "Азаттыктын" Фарда кызматынын журналисти Годратолла Шахиди токтолду.
Иран президенти Хасан Роуханинин сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан-Иран бизнес форуму да өтүп, мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
"Арай көз чарай": Иран менен кызматташуу кооптуубу?
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.