Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

АКШ: шайлоочулар коллегиясы Трампка добуш беришти


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШда шайлоочулар коллегиясынын басымдуу бөлүгү демократтардын чакырыктарын четке кагып, шайлоону жеңип чыккан Дональд Трампка добуштарын беришти. Дүйшөмбүдөгү формалдуу добуш берүүдө Трампты коллегиянын 304 мүчөсү колдоду. Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон 227 добуш алды. Президент болуу үчүн коллегиянын жалпы 538 мүчөсүнүн 270инин добушуна ээ болуу керек эле.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, добуш берүүчүлөр шайлоочулар коллегиясын шайлашат. Ал коллегиянын мүчөлөрү шайлоонун ар бир штаттагы жыйынтыгына ылайык талапкерлерге формалдуу түрдө бюллетень салышат. Клинтондун тарапкерлери коллегиянын мүчөлөрүнө кайрылып, Дональд Трампка добуш бербөөгө чакырышкан.

Трамп президенттик кызматка расмий түрдө 20-январда киришет.

XS
SM
MD
LG