Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

Шайлоо операторлору акысын албай калганын айтууда


Кыргызстанда 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум маалында иштеген операторлор келишим боюнча түзүлгөн акчаны толук ала албай калганын билдиришти. Фамилиясын айткысы келбеген оператор Надира аттуу айымдын "Азаттыкка" ырасташынча, шайлоого даярдык маалында Мамлекеттик каттоо кызматы бардык салыктарды кошкондо операторлор 6200 сом аларын убада кылып, келишим түзгөнүн, бирок добуш берүү бүткөндөн кийин 5087 сом гана берилгенин айтты:

- Башында келишим түзгөнбүз. Бирок анын көчүрмөсүн бизге берген эмес. Акчаны аларда башка келишимге кол койдуруп анан беришти. Анда салыктар кармалгандан кийин 6200 деп турат. Аны жасап коюшуптур. Баштапкы келишимди болсо бизге бербей, көрсөтпөй жатышат. Бизге колуңарга 6200 сом аласыңар деген болчу.

Шайлоодо оператор болуп иштеген дагы бир жаран Жусупбек Асанбаев акча берерде экинчи келишимге кол коюп бергенин, бирок аны менен таанышпаганын "Азаттыкка" ырастады. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов шайлоодо операторлорго акча атайын токтомдун негизинде төлөнгөнүн жана анда салыктарда кошкондо 6200 сом өлчөмүндөгү сумма жазылганын маалымдады. Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат каражаттары аталган мекеме төрагасы Тайырбек Сарпашевге таянуу менен операторлордун ар бирине 8 миң сом берилерин, салык кармалганда 6200 колго алышарын жазып чыккан.

Шайлоо жана референдум учурунда Кыргызстан боюнча 2 миң 381 шайлоо участкасында 9 миң оператор иштеди. (NT)

XS
SM
MD
LG