Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Мусабекова: мурда соттолгон адамдар да жүргүнчү ташууда


Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова ишке чыгар алдында таксисттерди алкогол жана маңзатка текшерүү демилгеси менен чыкты. Депутат мурун такси кызматынын айдоочусу кыздарды сабаган учурлары да кездешкенин, бирок ал көз жаздымда калганын айтты. Муну менен токтоп калбай жакында эле таксисттер менен милиция кызматкерлери мушташып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун эске салды:

- Такси жана маршруттук автоунааларды мурун соттолгон адамдар да айдап жүрөт. Мындайлар менен жүрүү кооптуу. Аларга лицензия берүүдө көзөмөлдү күчөтүп, айдоочулардын өмүр баянын карап чыгуу керек.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Жорго такси” кызматынын дагы бир айдоочусу маңзат чегип алып иштеп жүргөнү аныкталганын жарыялаган.

6-декабрда “Жорго” компаниясынын 200дөй айдоочусу менен эки милиция кызматкеринин ортосунда жаңжал чыккан. Тартип сакчылары жараат алып, ооруканага түшкөнү айтылган. Милиция эки айдоочу маңзат чегип унаа айдап жүргөнүн, тигилер буга каршылык көрсөтүп шериктерин чакырганын билдирген. Андан бери “Жорго таксинин” айдоочулары милициянын кысымына кабылып келе жатканын белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG