Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Лондон "паракорлордун бейиши" болгусу келбейт


Максим Бакиевге таандык делген бул үйдүн сүрөтүн Global Witness уюму 2015-жылы жарыялаган.
Максим Бакиевге таандык делген бул үйдүн сүрөтүн Global Witness уюму 2015-жылы жарыялаган.

Британ депутаттары диктаторлордун жана адам укугун бузууга шектелгендердин Британиядагы кыймылсыз мүлктөрүнө арест коюу демилгесин көтөрүп чыгышты.

Британияны “арам акчалардын чордону” деген аттан арылтууну көздөгөн “Кылмыштуу каражаттар жөнүндө" жаңы мыйзам октябрь айында сунушталган. Ага ылайык, британ күч органдары чет өлкөлүк паракор саясатчыларга, салыктан качкандарга жана кылмышкерлерге таандык делген жүздөгөн британ турак-жайларына эки жылга чейин арест коё алат. Буга чейин мыйзамдагы жылчылыктардан улам бийликтин ыйгарым укугу чектелүү болчу.

Учурда талкууланып жаткан бул мыйзамга эми дагы бир олуттуу өзгөрүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Консерваторлордун депутаты Доминик Рааб баштаган ондогон эл өкүлдөрү адам укугун бузууга шектелгендердин Британиядагы кыймылсыз мүлктөрүн көзөмөлгө алууну сунушташты.

“Укук бузуулардан улам колу канга боёлгон адамдар арам акчасын Британияга киргизбеши керек. Бул өзгөрүү Британиянын деспот жана диктаторлордун коопсуз аймагына айланышына бөгөт коёт”,-деди депутат Доминик Рааб.

Демилгечилер жаңы өзгөрүүнү Кремлдеги 230 миллион долларлык көз боёмочулукту айтып чыгып, 2009-жылы абакта каза тапкан орус адвокаты Сергей Магнитскийдин атынан аташты.

Айрым эсептөөлөргө ылайык, жыл сайын Британия аркылуу миллиарддаган долларлык акчанын изи жашырылат.
Айрым эсептөөлөргө ылайык, жыл сайын Британия аркылуу миллиарддаган долларлык акчанын изи жашырылат.

Global Witness журналисттик иликтөөлөр борборунун өкүлү Чидо Дан Британияда сунушталып жаткан бул мыйзам долбоорунун өзгөчөлүгүнө токтолду.

“Бул мыйзам - арам акчалар, коррупция жана каржы кылмыштар тууралуу алгачки ири мыйзам болуп саналат. Аны “Брекситтен” кийин келген жаңы өкмөт сунуштады. Бул мыйзам Британия, өзгөчө Лондон коррупционерлер, алардын үй-бүлөлөрү жана мүлктөрү үчүн бейишке айланганын мойнуна алууда. Натыйжада арам акчаны жашырууну кыйындата турган өзгөрүүлөр британ мыйзамдарына киргизилүүдө”.

“Гардиан” гезити Британиянын Кылмыштуулук каршы улуттук агенттигине шилтеме кылып жазгандай, жыл сайын Британия аркылуу 130 миллиард доллардан ашык шектүү акча өтөт. Британиядагы кеминде 160 миллиард долларга барабар кыймылсыз мүлккө офшор компаниялары ээлик кылат. Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиктин жетекчилиги Лондондун кыймылсыз мүлк рыногуна изи жашырылган акчанын таасири чоң экенин айтканы бар.

Британияда пост-советтик чөлкөмдөн чыккан олигархтардын, саясатчылардын кыймылсыз мүлктөрү аз эмес экени белгиленип жүрөт. Маселен, быйыл ачыкка чыккан “Панама барактарында” Азербайжандын президентинин үй-бүлөсү Лондондун эң кымбат районунда миллиондогон долларлык үйгө ээ экени кабарланган.

Британиядагы Global Witness уюму 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президенттин уулу, Кыргызстанда сыртынан өмүр бою абакка кесилген Максим Бакиев Лондондун чекесиндеги Саррей районунда наркы 3,5 миллион фунт стерлингдик чоң үйдө жашаарын билдирген.

Британиядагы Максим Бакиевге таандык делген үй. Булак: Global Witness
Британиядагы Максим Бакиевге таандык делген үй. Булак: Global Witness

Уюмдун өкүлү Чидо Дан турак-жайлар шектүү акчага сатып алынганын далилдөөгө жаңы мыйзам аз да болсо жардам берерин айтууда. Анын белгилешинче, шектенген топтор сотко кайрылып, анын чечими менен үйдүн кожоюндарына талап кое алышат.

“Кыймылсыз мүлктүн кожоюндары же ага ээлик кылган компаниялар акчаны кайдан алышканын көрсөтүшү керек болот. Бул чоң өзгөрүү. Себеби азыр Лондондо миллиарддаган доллар каражатка барабар кыймылсыз мүлктү офшордогу компаниялар ээлик кылышат. Алардын баары арам акчага же саясатчыларга барып такалышы мүмкүн. Аны далилдеп чыгуу өтө кыйын жана көп ресурсту талап кылат. Жакшы жери, жаңы өзгөрүү полициянын ишин жеңилдетип, тескерисинче кымбат турак-жайдын кожоюндарынын түйшүгүн көбөйтөт”.

Жакында Британияда кыймылсыз мүлктөрдүн чыныгы кожоюндарынын реестрин түзүү демилгелери да көтөрүлгөн эле. Бул сыяктуу алымча-кошумчалардан кийин “Кылмыштуу каражаттар жөнүндө" мыйзам 2017-жылдын жаз айларында добушка коюлат деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG